Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусу 19.08.2014 12:56

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду Каракол шаарына 2 млн сомдон ашуун каражат бөлүп берет

Turmush -  Бул жылы Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду Каракол шаарында бир катар иштерди аткаруу максатында 2 млн 358 миң сом каражат бөлүп берет.

Атап айтсак, «Мугалим» жаңы конушуна 65 миң сом, Каракол шаарынын башкы планын түзүү жана жана аны долбооролоону каржылоого 940 миң сом, 7-апрелде каза болгондордун эстелигин жашылдандыруу жана көрктөндүрүүгө 498 миң сом бөлүнмөкчү.

Ошондой эле, жасалма тоскоолдуктарды сатып алуу үчүн 320 миң сом, таш тамандарды чыгаруу үчүн муниципалдык цехтин цемент салып алуусуна 495 миң сом каралууда.

Мындан тышкары, «К.Карасаев атындагы музейдин курулушу» долбоору боюнча карызды төлөөгө 340 миң сом бөлүнүп берилмекчи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×