Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 19.08.2014 12:42

Караколдун эки көчөсүндө трансформатор күйүп, тургундар 7 күндөн бери электр жарыгы жок калышты

Turmush -  Каракол шаарынын Жамансариев менен Карл Маркс көчөсүнүдө жайгашкан трансформатор күйүп кетип, жергиликтүү тургундар 7 күндөн бери электр жарыгы жок калышты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Тургундардын айтымында, трансформатордун жанындагы таштанды челегиндегиндеги таштандылар күйүп, андан кийин от трансформаторго өткөн.

«Каракол РЭС болсо, качан күйгүзөөрүн так айтпай жатышат. Бир жумадан бери оңдолбой жатат», - дейт шаар тургуну Хакима Сапарова.

Ал эми Каракол шаардык РЭСи бүгүн кечке чейин электр жарыгы болоорун айтып, оңдоп-түздөө иштери жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×