Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 19.08.2014 12:32

Тоң районунун Жер –Үй айылындагы сел алып кеткен көпүрөнү оңдоого каражат маселеси чечилди, - аким Б.Мамбетов

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Жер-Үй айылындагы сел алып кеткен көпүрөнү оңдоого каражат маселеси чечилди. Бул тууралуу Тоң районунун акими Бакыт Рыспаев билдирди.

«Тоң районундагы ѳзгѳчѳ кырдаалдар үчүн Ысык-Кѳлдү ѳнүктүрүү фондунан 100 миң сом каралган. Аны толугу менен Болот Мамбетов айыл аймагынын жайыт комитетине которуп бердик. Жайыт комитетинин башчысы ѳзүнүн техникалары менен Жер –Үй айылынын эки кѳпүрѳсүн жана жайытка кете турган жолду оңдоого убадасын берди», - дейт Б.Рыспаев.

Адистердин эсеби боюнча 1 кѳпүрѳнү калыбына келтирүү иштерине 170 миң сомдой каражат керектелет.

Белгилей кетсек, аталган айылдын жергиликтүү жашоочулары эки көпүрө оңдолбогондуктан, түшүмдөр жыйналбай жаткандыгын билдиришкен.

Тема боюнча: Тоң районундагы Жер-Үй айылында сел алып кеткен көпүрө оңдолбогондуктан, комбайн кире албай, эгин жыйналбай калууда (фото)

Тоң районунун Жер-Үй айылында сел алып кеткен эки көпүрө оңдолбосо, окуучулар мектепке баралбай калышат

IMG_1674

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×