Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 19.08.2014 11:35

Тоң районунун Жер-Үй айылынын жашоочулары тоодогу көлдөр жарылып, сел капташы мүмкүн деп кооптонушууда

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Жер-Үй айылынын тургундары дагы сел каптайт деп кооптонушууда, деп билдирет аймактык кабарчы.

Тоң районунун Болот Мамбетов айыл аймагынын Жер-Үй айылында үстүбүздѳгү жылдын жай мезгилинде айылдан 25 километр чакырым аралыктагы тоодогу кѳл жарылып, сел каптаган. Андан эки көпүрө жараксыз болгон. Бул кѳпүрѳлѳр оңдолгон күнү да айылдын кѳйгѳйү чечилбей тургандыгын жашоочулар маалымдашат.

«Айылдын четинде бизди сел каптап жатат. Ушуну менен эки жолу каптады. Ал эмес азыр ѳзүбүздүн үйгѳ да турбай коркуп жатабыз. Жарыла турган кѳлдѳр бар. Жашоого мүмкүнчүлүк болбой жатат, жогорку бийлик тарабынан жардам күтѳбүз. Тоодо кѳл толуп жатат жарылып кетсе, айылды бүт алып кетчүдѳй», - дейт айыл тургуну Соонун Кудайбергенова.

Ал эми Тоң райондук ѳзгѳчѳ кырдаалдар бѳлүмү эч кандай коркунуч жок экендигин билдирди.

«Тоолу аймактарда жайгашкан кѳлдѳр кѳп. Анын ичинен Болот Мамбетов айылда жайгашкан экинчи категорияда турган көлдөрдөн айылга коркунуч жок. Жер-Үй айылында 2-жолу сел жүргѳндүктѳн, элдер коркуп калышкан. Жыл сайын ѲКМга караштуу маниторинг департаментинин өкүлдөрү кѳлдѳрдү карап, кыдырып кетип турушат. Азырынча коопту, жарыла турган кѳл жок», - дейт Тоң райондук ѳзгѳчѳ кырдаалдар бѳлүмүнүн башчысы А.Дайыркулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×