Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 18.08.2014 14:25

Тоң районунда жаңы спорт залдар курулат (тизме)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Тоң районунда бул жылы жаңы спорт залдары курулат. Алардын курулуштары Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан каржыланат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Жаңы спорт залдар төмөнкү айылдарда салынат:

- Бөкөнбаев айылында, спорт комплексинин курулушунун жыйынтыкталышына — 1 млн 751 миң сом;

- Талды-Суу айылында спорт залынын курулушунун аякташына — 600 миң сом;

- Кара-Коо айылында спорт залдын курулушуна — 2 млн сом;

- Тогуз-Булак айылындагы спорт залдын курулушуна — 4 млн 498 миң сом;

- Кара-Талаа айылында спорт залдын курулушуна — 2 млн сом.

Ошондой эле, Шор-Булак айылында спорттук инвентарлар сатып алынган, - 40 миң сом.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×