Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 18.08.2014 12:11

Ак-Суу районунун Теплоключенко айылында ичүүчү суу маселесин чечүүгө 70 млн сом керектелүүдө

Turmush -  Ак-Суу районунун Теплоключенко айылындагы ичүүчү суу маселесин чечүүүчүн 70 млн сомго чукул акча керек. Бул тууралуу Ак-Суу райондук «Суутүтүк» ишканасынан маалымдашты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Ак-Суу районунун борбору Теплоключенко айылында таза суу маселеси Союз тарагандан бери чечилбей келүүдө. Ошол мезгилде суу түйүнүн жаӊылоо боюнча долбоор түзүлүп, Союздун тарап кеткенине байланыштуу ишке ашпай калган.

Өткөн жылы Ак-Суу айыл аймагынын эсебинен 500 миӊ сомго долбоор даярдалып, Ысык-Көл өнүктүрүү фондунан 5 млн сом бөлүнгөн. Ал каражатка айылдын четине чейин 3 чакырым суу түтүктөрү тартылган.

Ишкананын маалыматында, суу топтоочу жай жергиликтүү бюджеттин 1 млн сому менен оӊдолгон.

Эми айыл ичиндеги суу түтүктөрүн жаӊылоо маселеси турат. Бул үчүн Кыргыз өкмөтү тарабынан 10 млн сом акча каралып, анын долбоору даярдалып жатат.

«Ак-Суу райборборундагы ичүүчү суу маселесин толук чечүү максатында «Таза суу» долбооруна киргенбиз. Максатты ишке ашырууга 70 млн сом керектелет. Анын 5% салымын элден чогултуп бергенбиз. Бирок иш создугуп келүүдө», - деп маалымдашат ишкананын жетекчилиги.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×