Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Ысык-Көл облусу 16.08.2014 10:27

Ысык-Көл облусунун жашоочулары ЖК депутаты А.Алтыбаева менен жолугушууда кышка даярдык маселесин көтөрүштү

Turmush -  Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева 15-августа Ысык-Көл облусундагы Түп, Ак-Суу, Тон, Жети-Огүз, Ысык-Көл райондорунун жергиликтүү кеңештердин депутаттар, жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу жүрүшүндө шайлоочулар тарабынан калкты таза жана сугат суусу менен камсыз кылуу, аймактагы инфратүзүмдөрдү жакшыртуу, автожолдорду калыбына келтирүү маселелери козголду. Жергиликтүү тургундарды айрыкча кышка карата даярдык маселеси кабатырлантары белгилүү болду. Ошондой эле жаштардын арасын өзүн өзү өлтүрүү, кылмыштуулук күчөп жатканы тууралуу пикирлер айтылды.

Депутат айтылган көйгөйлөр жаатында көрүлүп жаткан чаралар, кыргыз парламентинин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди. Ошону менен бирге, А.Алтыбаева бул маселелер боюнча аткаруу бийлигинин органдарына тиешелүү тапшырмаларды бере турганын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×