Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 15.08.2014 16:15

Жети-Өгүз районунда Тилекмат Аке жана Сарт Акеге эстелик тургузулат

Turmush -  Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Мундуз айылында эртең, 16-августта Сарт аке жана Тилекмат акенин эстелигинин ачылышы болот.

Turmush басылмасынын кабарчысы маалымдагандай, иш-чарага өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаев жана башка облустук структуралардын жетекчилери катышат.

Иш-чаранын алкагында Светлая Поляна жана Оргочор айылдарына кеткен бурулушка тургузулган эстелик ачылат.

Маалым болгондой, Мундуз айылында спорттук ат оюндары жана улуттук оюндары өткөрүлүп, 42 боз үйдүн тигилери күтүлүүдө.

Уюштуруучулардын айтымында, бул облусттук деңгээлдеги иш-чара аталган айыл үчүн гана эмес, бүтүндөй коомчулук үчүн ири жана позитивдүү салтанат болуп эсептелет.

Белгилей кетсек, аталган иш-чараны Сарт аке жана Тилекмат акенин тукумдары демилгеледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×