Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 15.08.2014 13:22

Тоң районунда Кыргызстандын бардык аймактарынан барган делегация калкка көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтарды жакшыртуу маселесин талкуулашты (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Кош-Көл айылында Кыргызстандын бардык аймактарынан келген 50 делегат Европа Биримдиги жана БУУнун биргелешкен «Социалдык адилеттүүлүккө жетүү үчүн ак ниет башкарууну өнүктүрүү» долбоорунун алкагында маалыматтык-билим берүүчү жолугушуу өткөрүштү.

Аталган иш-чара тажрыйба менен бөлүшүү, жергиликтүү маанидеги маселелерди практикалык чечүү тармагындагы долбоорлордогу эң мыкты практиканы жайылтуу, ак ниет башкаруу жана социладык адилеттүүлүк принциптерин бекемдөө максатында уюштурулду.

Маалым болгондой, иш-чарага айыл башкармалыктарынын башчылары, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын кызматкерлери, айылдык кеңештердин депутаттары, жарандык коомдун өкүлдөрү жана ак ниет башкаруу боюнча долбоордун демилгечи тобунун мүчөлөрү катышты.

Жергиликтүү коомду жана демилгечи топторду тартуу менен калкка кызмат көрсөтүүнүн планын иштеп чыгуу практикасын киргизүү, ишке ашыруу жана мониторинги , айыл башкармалыктары алдында кызмат көрсөтүү борборлорун ачуу жана негизги кызматтарды элге жеткиликтүү кылуу сыяктуу долбоордун компоненттери практика жүзүндө көрсөтүлдү.

Белгилүү болгондой, пилоттук долбоор иретинде өлкө боюнча 30 айыл аймагы тандалып алынган. Пилот 2011-жылдын октябрь айында башталган жана быйыл октябрда өз ишин аяктайт.

Белгилей кетсек, негизги максатуу топтор болуп аялдар, жаштар жана балдар эсептелет.

Долбоордун бюджетинин жалпы суммасы 5,318 899 еврону түзүп, аны БУУнун Өнүктүрүү Программасы, ЮНИСЕФ, БУУ жана ЮНЕСКО ишке ашырды.

Көл-Төр айыл аймагынын башчысы Кубан Азизовдун айтымында, долбоордун алкагында 3 айылдын негизги көйгөйү чечилди.

«Долбоордун алкагында калкка кызмат көрсөтүү борбору ачылды. Эми жергиликтүү эл Мамлекеттик каттоодон маалымдаманы тастыктоо үчүн райондун борборун барбастан, аталган борборго кайрылып, 1 күндө бүтүрүп алат. Бул бийлик органдары менен калктын ортосундагы мамиленин жөнгө салынышы жана биз тараптан көрсөтүлгөн кызматтардын жеткиликтүүлүгү деп эсептейм», - деп билдирди ал.

31

27

33

28

29

34

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×