Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 15.08.2014 12:48

Караколдо ар кандай диаспоралардын өкүлдөрүнө жардам көрсөтүү маселеси талкууланды (фото)

Turmush -  Каракол шаардык мэриясында БУУнун Өнүктүрүү программасы долбоорунун өкүлдөрү жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын, жаштар жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолукту.

Аталган жолугушуу Каракол шаарында жана анын сыртында жашаган этникалык топтор арасында жана диаспоралардагы эң курч көйгөйлөрдү талкуулоо максатында өткөрүлдү.

Маалым болгондой, 10-сентябрга чейин Каракол шаарында жана башка айыл аймактарындагы кырдаал анализделмекчи.

«Бүгүнкү күндө айрым маалыматтарга ылайык, Караколдо 26 диаспора бар. Алардын көйгөйлөрүн чечүү үчүн анализ жүргүзүшүбүз керек», - деп билдиришти катышуучулар.

IMG-20140815-WA0046

IMG-20140815-WA0048

IMG-20140815-WA0049

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×