Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 14.08.2014 18:27

Депутат К.Дыйканбаев Чолпон-Атадагы атмайдандын атын өзгөртүү жөнүндө билдирүүнү популисттик, деп эсептейт

Turmush -  Жогорку Кеңештин «Республика» фракциясынын депутаты Курманбек Дыйканбаев Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы Асанбек Көлбаев атындагы атмайдандын атын өзгөртүү жөнүндө билдирүүнү популисттик деп эсептейт. Бул тууралуу ал 12-августта АКИpress'ке билдирди.

Анын айтымында, ал, спорт чөйрөсүндө 33 жыл иштеген жана эмгек сиңирген машыктыруучу деп саналган Асанбек Көлбаевди жеке таанычу.

«Бостери айылдык кеңешинен жана айыл өкмөтүнөн, Чолпон-Ата шаарынын мэриясынан жана шаардык кеңештен, жана эмгек жамааттан өтүнүч арыз болгон. Бардык документтер чогултулгандан кийин стадионго Асанбек Көлбаевдин ысымы ыйгарылган. Ал эми бүгүн болсо, 2 жылдан кийин, өкмөт, бул мыйзамсыз деп популисттик билдирүүлөр менен алектенип жатат. Эки жыл мурун алар кайда эле?», - деди депутат.

Ал, А.Көлбаевдин баласы Камчы Көлбаевди билбей тургандыгын, бирок баласы үчүн атасы жооп бербеши керектигин белгиледи.

«Бүгүнкү күндө өкмөт газ маселеси менен алектениши керек, түштүк аймакта газ жок да, кышка даярдык көрүү маселеси боюнча — суу сактагычта суу жок, жылуулук сезонуна даярдык көрүү керек. Азыр электр энергиясы боюнча кыш катуу болоорун билип калдык. Өкмөт альтернативдик отун боюнча иш алып баруусу керек. Бүгүн биз билгендей, жайында бир түк чөптүн баасы 250 сом, ал эми кышында эмне болот? Бул маселе боюнча өкмөт кандай чара көрүп жатат? … Бүгүн бюджет жок. Капиталдык салууга бекитилген 2 млрд өлчөмүндөгү каражат бөлүнө элек. Өкмөт бүгүн популисттик билдирүүлөр менен алектенбей, практикалык маселелер менен алектенүүсү керек», - деп кошумчалады К.Дыйканбаев.

Тема боюнча: Депутат Ө.Текебаев: Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталганга чейин Чолпон-Атадагы ипподромдун атын алмаштыруу керек

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×