Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 14.08.2014 16:01

Түп районунун эки айылында республикалык бюджеттин эсебинен таза суу түтүктөрү оңдолот

Turmush -  Түп районун Ынтымак айылынын суу түтүктөрүн капиталдык оңдоого 1500,0 миң сом каралган. Бул туралуу раймамадминистрациядан билдиришти, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка ылайык, аны менен катар Талды- Суу таза суусуна скважина бургулоого 2100,0 миң сом республикалык бюджеттин эсебинен каралды. «Азыр Талды- Суу жана Ысык- Көл айыл өкмөттөрү Бишкектик долбоордук институту «Кыргыз- Суу долбоор» ЖЧКсы менен түзүлгөн келишим түздү»- дейт раймамадминистрация башчысынын биринчи орун басары Руслан Түпеев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×