Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 14.08.2014 14:41

Караколдо «Орусия жана Кыргызстан: достуктун башында» темасына арналган архивдик сүрөттөрдүн көргөзмөсү өтөт

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 15-августтан 15-сентябрга чейин «Орусия жана Кыргызстан: достуктун башында» темасына арналган архивдик сүрөттөрдүн жана документтерин көргөзмөсү өтөт.

Каракол шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдагандай, иш-чара КРдагы Орус кызматташтыгынын өкүлчүлүгү тарабынан Ысык-Көл облустук мамлекеттик архив менен биргеликте шаардык мэриянын колдоосунда уюштурулууда.

Белгилей кетсек, көргөзмө Каракол шаарынын 145 жылдык мааракесине арналып уюштурулуп, ачылыш салтанаты эртең, 15-августта саат 14.00дө «Толкун» эстетикалык борборунда өтмөкчү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×