Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 14.08.2014 13:32

Түп айыл аймагында дан эгиндерин жыйноо башталып, 34 комбайн иштеп жатат

Turmush -  Түп айыл аймагынын айдоолорунда 32 миӊ 700 гектар жерге дан эгиндери себилген. Учурда дан эгиндерин жыйноо өнөктүгүгү башталып, 34 комбайын иштеп жатат. Бул тууралуу Түп айыл өкмөтүнөн маалымдашкан, деп билдирет аймактык кабарчы.

Ал эми район боюнча бардык комбайын 180 болсо, анын 160 комбайны даяр. Анын ичнен 20 комбайын иштөө мөөнөтү аяктап жараксыз абалга келген. Райондун калкы күзгү оруп жыйууга белсенип киришти.

Маалыматка ылайык, быйыл эгин чаптыруу баасы бир аз кымбаттаган. Буудайдын 1 гектарын 1200 сомдон чаптырып, 7 литр соляркасын куюп берүү керек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×