Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 14.08.2014 13:13

Түп районунда дан эгиндеринин жогорку сорттогу үрөндөрүн көбөйтүү максатында үрөнчүлүк чарбаларынын семинары өттү

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Түп районунун «Элдияр» үрөнчүлүк чарбасынын базасында үрөнчүлүк чарбаларынын кезектеги семинары өттү. Бул тууралуу Түп айыл өкмөтүнөн маалымдашкан, деп билдирет аймактык кабарчы.

Түп райондук «Элдияр» үрөнчүлүк чарбасында үрөн чарбаларынын семинары 3 жолу өткөрүлүүдө.

Семинардын негизги максаты дан эгиндеринин жогорку сорттогу үрөндөрүн көбөйтүү, жаӊы технологияларды, дан өстүрүүнүн жаӊы ыкмаларын жайылтуу, эгинди зыяннкечтерден арылтуу боюнча тажрыйба алмашуу.

Семинардын жүрүшүндө «Элдияр» үрөнчүлүк чарбасы өстүрүп жаткан чет өлкөлөрдөн алып келинген жогорку түшүм берген, климаттык шартка туруштук берген сапаттуу үрөндөрдүн кандайча өстүрүлүп атышы боюнча кеӊири маалымат берилип,дан өстүрүлгөн талааларда иш жүзүндө таанышуу болду.

Үрөнчүлүк чарбасындагы үлгү болорлук иштерди өз көзү менен көрүп ынанышкан семинардын катышуучулары иш чаранын жакшы уюшкандыкта өткөнүнө баа беришти жана ошондой эле, бул өӊдүү семинарлардын өткөрүлүүсү үрөнчүлүк чарбаларынын өнүгүүсүнө чоӊ өбөлгө түзөрүн белгилешти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×