Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ысык-Көл облусу 14.08.2014 11:05

Ысык-Көл облусунда КРнын ички иштер органдарынын кызматкерлери гендердик саясаттын негизин окуп жатышат

Turmush -  Бүгүн, 14-августта Ысык-Көл облусунда КРнын ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн «Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин иш-аракеттериндеги гендердик саясат» аттуу 5 күндүк окуу курсу башталды.

Иш-чараны уюштуруучулардын белгилешинче, ал БУУнун баңги заттары жана кылмыштуулук боюнча «Тынчтык жана ишеним: укук тартиби органдарына бирдей мүмкүндүк» долбоорунун алкагында, БУУнун Тынчтык орнотуу фондунун колдоосу менен өтөт.

Долбоордун максаты – ички иштер органдарына болгон коомдун ишенимин жогорулатуу жана ички иштер органдарына аялдардын жана азчылыктардын катышуусун жана көрсөтүлүүчүлүгүн көбөйтүү аркылуу КР калкынын арасындагы чыңалууну азайтуу.

КР ИИМ Академиясынын профессорлор-окутуучулар курамынын командасы тарабынан атайын иштелип чыккан окуу курсу алардын андан аркы күнүмдүк ишинде колдонуулары үчүн гендердик саясат жаатындагы базалык билимдерди окутуу максатында, КРнын ички иштер органдарынын башкаруу звеносунун милиция кызматкерлери жана кыргыз милициясынын айымдар Ассоциациясы өкүлдөрү үчүн арналган.

КР ИИБнын 14 пилоттук бөлүмдөрүнүн 28 кызматкери жана КМААнын аймактык бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү бул иш-чарага катышууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×