Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 14.08.2014 09:56

Балыкчыда бир катар социалдык объекттер оңдолот (тизме)

Turmush -  Балыкчы шаарында быйыл 2014-жылы бир катар социалдык объектерде капиталдык оңдоп-түзөө жүргүзүлүп, жаңы жабдуулар сатылып алынмакчы. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, төмөнкү иштер аткарылмакчы:

- Шаардык балдар ооруканасына инвентарларды сатып алуу – 410 миң сом;

- Ооганстан ардагерлери кеңешинин имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүү – 486 миң сом;

- Балыкчы шаарынын суу менен камсыздоосун капиталдык оңдоодон өткөрүү жана түтүктөрдү сатып алуу – 2 млн 500 миң сом;

- Шаардык архивдин имаратын оңдоо (калдык) – 147 миң сом.

Мындан тышкары төмөнкү иштердин жасалуусу күтүлүүдө:

- Шаардын жер тилкелерин дыкат пландоонун долбоорун иштеп чыгуу – 1 млн 500 миң сом;

- Фрунзе көчөсүндө шаар түйүндөрүн иштеп чыгуу – 1 млн 800 миң сом;

- 40 батирлүү муниципалдык көп кабаттуу үйдү бүтүрүү – 13 млн 423 миң сом;

- Үстү жабылган «Каркыра» муниципалдык базарын куруу - 11 млн 711 миң сом.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×