Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 29.01.2014 17:18

Каракол шаарында ветеринардык кызматына жана жеке ветеринарларга жардам көрсөтүлөт

Turmush -  Каракол шаарында ветеринария кызматкерлеринин катышуусунда семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы Замир Асаналиев билдирди.

Анын жүрүшүндө Ысык-Көл облусунун жеке ветеринардык дарыгерлерине жардам көрсөтүү боюнча «Мал чарбачылыгын жана рынокту өнүктүрүү» долбоору сунушталды.

Иш-чарага аймактын 150 ветеринардык дарыгерлери, айылдык ден соолук комитеттеринин мүчөлөрү, санэпидкөзөмөл кызматынын кызматкерлери, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча маминспекциясынын башчылары катышты.

Андан тышкары Бишкектен Айыл чарба министрлигинин алдындагы айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн, Ветеринария палатасынын, Малдардын ден соолугун көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү келишкен.

Долбоордун негизги багыттарынын бири- малдардын эхинококкоз жана бруцеллез менен оорусун азайтуу боюнча жана жеке ветеринар адистерди колдоо максатында ветеринардык кызматка көмөк кылуу.

«Келечекте ар бир мал доктурга 1 миң 500 доллардан каражат бөлүү каралууда. Бул суммага дарыгер өз салымын кошуусу керек. Алынган акча каражаты жеринде иштин натыйжалуу болуусун жогорулатууга шарт түзүүсү зарыл, - деп билдирген АРИСтин «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү» долбоорунун координатору Майрамбек Баялиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×