Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ысык-Көл облусу 14.08.2014 09:04

Кыргыз-казак чек арасын кыргызстандык үч жарандын бузуп кирүү фактысы боюнча иликтөө жүрүп жатат, - КР МЧК

Turmush -  КРнын мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасын кыргызстандык үч жарандын бузуп кирүү фактысы боюнча иликтөө жүргүзүп жатат, деп билдирди КР МЧКнын басма сөз кызматы.

Эске салсак, казак тарап билдиргендей, ушул жылдын 12-августунда Казакстандын аймагында белгисиз үч куралчан адам казак чек арачылардын талабына баш ийбей, аларга каршылык көрсөтүшкөн. Алардын экөөсү кармалып, бирөөсү Кыргызстандын аймагына качып кеткен.

Тема боюнча: Казак-кыргыз чек арасында мыйзам бузуучулар менен чек арачылар ортосунда ок атышуулар болду

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×