Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ысык-Көл облусу 14.08.2014 08:58

Казак-кыргыз чек арасында мыйзам бузуучулар менен чек арачылар ортосунда ок атышуулар болду

Turmush -  Казак-кыргыз чек арасында 13-августта мыйзам бузуучулар менен чек арачылар ортосунда ок атышуулар болду. Бул тууралуу казакстандык басылма Казакстандын улуттук коопсуздук комитетинин чек ара кызматына шилтеме берүү менен билдирди.

Казак басылмасынын маалыматына таянсак, Алматы облусунун Карасай чек арачылары кызмат учурунда белгисиз үч атчанды көрүшүп, аларды токтоону талап кылышкан. «Бирок, мыйзам бузуучулар каршылык көрсөтүп куралдарынан 5 жолу ок атышкан. Чек арачылар болсо эскертүү катарында асманга бир жолу жана чек арадан мыйзамсыз өткөндөргө карата 2 жолу ок атышкан. Атышуудан жабыркагандар жок», - деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматта чек арадан мыйзамсыз өткөндөр Казакстандын аймагында дары чөптөрдү чогултуп жүрүшкөнү айтылат. Алардын экөөсү кармалып, бирөөсү качып кетүүгө үлгүргөн. Алардын жанында оптикалык мээлегичи менен майда калибрлүү эки мылтык жана дүрбү болгон.

Учурда Казакстандын чек ара кызматы аталган факт боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×