Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 13.08.2014 18:30

Ысык-Көл облусунда курулушчулардын кесиптик майрамына карата салтанаттуу иш-чара өттү (фото)

Turmush -  Акыркы мезгилде курулуш тармагы облустагы, жалпы эле республкабыздагы экономикабыздын орчундуу сектору болуп калды. Учурда бюджеттик капиталдык салымдын көбөйүшү өлкөбүздөгү экономиканын өсүшүнүн бирден бир белгиси, деди өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев курулушчулардын кесиптик майрамы менен курулуш тармагынын кызматкерлерин куттуктап жатып.

Бүгүн Ысык-Көл облусундагы куруучуларды областтык деңгээлде куттуктоо салтанат иш чарасы болуп өттү. Ага ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппараты, облустагы курулуш тармагындагы кызматкерлер, район, шаар жетекчилери катышышты.

Курулуш тармагында үзүрлү эмгектенип келе жаткан кызматкерлерге облустун ардак граммоталары жана алкыш баракчалары тапшырылды.

Айта кетсек, курулуш тармагы облустун негизги тармактарынын бири болуу менен, облустун аймактык дүң продукциясынын 12,5% түзөт. Акыркы жылдары облуста курулуш тармагында чоң өсүштөр буолууда. Статистикалык маалыматтар боюнча 2013 жылы облуста 325 турак үйлөр бүткөрүлүп, өткөн жылга салыштырмалуу 24,6 % көп.

пол 1

пол 2

пол 4

пол 5

пол 6

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×