Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 13.08.2014 16:45

Муфтият тарабынан Түп айылындагы «Балдар өмүр булагы» коомдук бирикмесине 30 миң сом жардам көрсөтүлдү

Turmush -  Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы ыйык Рамазан айында келип түшкөн арыздардын негизинде битир-садакаларды таратуунун алкагында Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айылындагы «Балдар өмүр булагы» коомдук бирикмесине жардам көрсөттү. Бул тууралуу Ысык-Көл облусттук казиятынан билдиришкен, деп маалымдайт аймактык кабарчы

Муфтияттын жана Ысык-Көл облусттук казиятынын дин кызматкерлери Түп районундагы «Балдар өмүр булагы» коомдук бирикмесинде тарбияланып жаткан балдар үчүн мусулмандардан чогулган битир –садакадан 30 миӊ сом берип кайтышты.

«Балдар өмүр булагы» коомдук бирикмесинде тарбияланып жаткан өспүрүмдөр КМДБнын жалпы кызматкерлерине ыраазычылыктарын билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×