Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 13.08.2014 11:34

К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде мамлекеттик кызматкерлердин кыргыз тили боюнча билимин жогорулатууга арналган семинар өтүүдө

Turmush -  К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын кызматкерлери жана мамлекеттик кызматкерлердин кыргыз тили боюнча билимин жогорулатуу максатында семинар өтүүдө. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган семинар өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнүн буйругу менен кадрлар боюнча мамлекеттик кызмат тарабынан демилгеленип, өткөрүлүүдө.

Маалым болгондой, окуу семинарына Ысык-Көл облусунун райондук мамлекеттик администрациясынын кызматкерлери, айыл аймактарынын башчылары, акимдер жана башкалар катышууда.

Уюштуруучуларын айтымында, мамлекеттик кызматкерлер Ысык-Көл облустук архивине барып, анын ишмердүүлүгү менен таанышышты. Ошондой эле, стратегиялык планды түзүүнү, жергиликтүү бюджетти бөлүштүрүүнү практика жүзүндө үйрөнө алышты.

Белгилүү болгондой, семинардын негизги максаты катышуучуларды токтомдорду мамлекеттик тилде туура кабыл алууга үйрөтүү, кыргыз тилинде документацияны туура жүргүзүүгө багытталган.

Белгилей кетсек, аталган семинар үстүбүздөгү жылдын декабрь айына чейин улантылып, Ысык-Көл облусунун 300дөн ашуун мамлекеттик кызматкери окутулмакчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×