Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 13.08.2014 11:30

Түп районунда 2,8 млн сомго канал жана арыктарга капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү

Turmush -  Түп районуна караштуу Суу чарба башкармалыгынын маалыматы боюнча 2014- жылга канал жана арыктарды капиталдык оңдоп түздөө иштерине 2 млн 800 миң сом пландалган, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка ылайык, бул каражатка Сары- Дөбө каналында 750 миң сомго Г- үлгүсүндөгү бетондор монтаждалды. Суу бөлүштүрүүчү 2 даана щит орнотулду.

Кара- Жал каналында 520 миң сомго 3,2 км механикалык тазалоо иштери жана бөлүштүрүүчү щит орнотулду.

Түп магистралдык каналында 137 миң сомго 2,0 км механикалык тазалоо иштери жүрдү. Г- үлгүсүндөгү бетондун кулаган жерлерин оңдоп-түздөө иштери жасалды.

Ошондой эле, 1 млн 393 мин сомго өкмөт тарабынан берилген жаңы техникаларга бокстар жана суу чарба башкармалыгын оноо иштери жүргүзүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×