Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 13.08.2014 11:00

Каракол шаарындагы мектептердин оңдоп-түзөө иштери 99%га бүткөрүлдү

Turmush -  Ысык-Көл облусуна караштуу Каракол шаарындагы мектептердин оңдоп-түзөө иштери 99%га бүткөрүлдү. Бул тууралуу Turmush басылмасына Каракол шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Вера Апышева билдирди.

«№15 жана №6 мектептерге «Мерсико» долбоорунун алкагында жаңы эмеректер берилип, алар парта, стол жана башка 2 класс-комплектке ээ болду», - деп билдирди ал.

Ошондой эле, Каракол шаарындагы жалпы билим берүү мектептердин башталгыч класстарынын дээрлик бардыгы окуу куралдары менен камсыз болгондугун кошумчалады.

«Жаңы окуу жылында дагы кошумча окуу куралдарынын алынып келери күтүлүүдө. Андыктан окуу куралдарына муктаждык жок», - деди Вера Апышева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×