Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 13.08.2014 10:34

Караколдо жалпы билим берүү мекемелеринин оңдоп-түзөөгө быйыл 430 миң сом бөлүндү

Turmush -  Ысык-Көл облусуна караштуу Каракол шаарындагы жалпы билим берүү мекемелеринин оңдоп-түзөө иштерине быйыл 2014-жылы 430 миң сом бөлүндү. Бул тууралуу Turmush басылмасына Каракол шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Вера Апышева билдирди.

Анын айтымында, былтыр ушул эле максатта шаардык бюджеттен 3 млн сом бөлүнгөн. Бирок, анда Каракол шаарындагы бала бакчалардын жаңы имараттары жана жаңы топтор түзүлгөндүгү эске алынган.

Алгач бөлүнгөн 400 миң сом жетишсиз болгондуктан, №11 ашканаы оңдоодон өткөрүү үчүн дагы 30 миң сом бөлүнгөн.

Мындан сырткары, №5 «Жомок» бала бакчасына «Мерсико» долбоорунун негизинде эмерек алынып келинди.

Бүгүнкү күндө Каракол шаарынын дээрлик бардык бала бакчалары оңдоп-түзөө иштерин аяктады жана балдарды кабыл алууга даяр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×