Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 12.08.2014 16:41

Депутат Т.Мадылбеков өкмөткө Чолпон-Атадагы ипподромго А.Көлбаевдин атын берүү фактысы боюнча кылмыш ишин козгоону сунуштады

Turmush -  «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Туратбек Мадылбеков Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарында жайгашкан Асанбек Көлбаев атындагы ипподромдун аталышына байланышкан факт боюнча кылмыш ишин козгоону вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевге сунуштоодо.

Мындай пикирин бүгүн, 12-августта Бишкек шаарында өткөн фракциянын отурумунда билдирди.

Отурумдун жүрүшүндө фракциянын лидери Өмүрбек Текебаев, ипподромго А.Көлбаевдин ысымын берүү маселеси 2012-жылдын 10-августунда Члопон-Ата шаардык кеңешинин кезексиз отурумунда каралгандыгын билдирди.

«Андан кийин эле 16-августта Бостери айылдык кеңеши бул маселени карап, колдогон. Ушул эле күнү, 16-августта бул маселени имараттар менен көчөлөргө кайра ат берүү боюнча райондук комиссия карап, ал дагы колдогон. Ипподромго А.Көлбаевдин ысымын берүү маселеси Батукаевдин маселесин карагандай ылдамдыкта каралган», - деди Ө.Текебаев.

Бул маселеге чоң атка минерлердин катыштыгы бар деген пикирин билдирген Т.Мадылбеков: «Бул маселени биз көтөрүп жатабыз, ал эми өкмөт менен башка мамлекеттик органдар унчуккан жок. Ошондуктан, бул жерде чоң атка минерлердин катыштыгы бар деген ой пайда болот. Жөнөкөй атка минерлер муну жасай алмак эмес. Бул жерде жөн гана кызматтык абалынан пайдалануу эмес, кылмыш иши жыттанып турат. Сиз (вице-премьер А.Маматалиевге) бул блоктогу маселелерди жөнгө салуучу вице-премьер катары жакынкы убакытта бул факты боюнча кылмыш ишин козготуу керек», - деди.

Ошол учурда ким премьер-министр эле деп кызыккан эл өкүлүнүн суроосуна катышуучулардын бири, 2012-жылы Өмүрбек Бабанов премьер-министр экендигин айтты.

А.Маматалиев өз кезегинде өзүнчө тараптардын жоопкерчилиги карала тургандыгын айтты.

Тема боюнча: Депутат Ө.Текебаев: Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталганга чейин Чолпон-Атадагы ипподромдун атын алмаштыруу керек

Чолпон-Атадагы атмайданга Көлбаев ысымынын ыйгарылышы боюнча премьердин макулдугу суралбаптыр, - А.Маматалиев

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×