Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 12.08.2014 16:24

Чолпон-Атадагы атмайданга Көлбаев ысымынын ыйгарылышы боюнча премьердин макулдугу суралбаптыр, - А.Маматалиев

Turmush -  Биз тактадык, премьер-министрдин макулдугу суралбаптыр, деди вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев бүгүн, 12-августта Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Асия Сасыкбаева, Ташполот Балтабаев, Туратбек Мадылбеков, бир катар мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышкан жыйында Чолпон-Ата шаарындагы атмайданга «мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаевдин атасынын ысымы ыйгарылганын, бул маселени тезинен иликтеп чыгып, тезинен аны жокко чыгаруу чараларын көрүү керектиги тууралуу маселени кароо учурунда.

Анын айтымында, адам ысымынын ыйгарылышына айрым учурларда гана жол берилет, ал үчүн премьер-министрдин макулдугу керек.

«Чолпон-Ата» атмайданы Өкмөттүн карамагында турган мамлекеттик маанидеги ишкана болуп саналат. Демек, ага ал адамдын ысымын ыйгаруу мыйзамдуу болгон эмес», - деди ал. Ошондой эле, вице-премьер-министр жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерин жокко чыгаруу жолжоболору колго алынып, тиешелүү аткаминерлердин жоопкерчилиги карала турганын билдирди.

Жолугушууну жыйынтыктап жатып, Өмүрбек Текебаев Чолпон-Ата шаарындагы ипподромго «мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаевдин атасынын ысымынын ыйгарылышы, аны жокко чыгаруу жаатында КР Өкмөтү тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маселе 20-августа өтүүчү «Ата Мекен» фракциясынын жыйынында да көтөрүлө турганын айтты.

Тема боюнча: Депутат Ө.Текебаев: Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталганга чейин Чолпон-Атадагы ипподромдун атын алмаштыруу керек

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×