Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 12.08.2014 13:41

Балыкчы шаарынын бир нече билим берүү мекемелеринде оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт

Turmush -  Балыкчы шаарынын бир нече билим берүү мекемелеринде оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.
Маалыматка ылайык, балдардын билим берүү борборунун имаратын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн бала бакча катары кайоа түзүү пландалууда.

Ошондой эле «Чолпон» бала бакчасында жана №4 мектеп-гимназиясында терезелер алмаштырылмакчы. Мындан тышкары «Ч.Айтматов» атындагы мектептин айланысы тосулуп, «Ак-Тилек» бала бакчасында, «Манас» атындагы №10 мектепте жылуулук системасын оңдоо пландалууда.

Белгилей кетсек, аталган жумуштардын бардыгы Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланмакчы. Маалым болгондой, балдар билим берүү борборун бала акча катары кайра түзүүгө – 3 млн 650 миң сом, «Чолпон» бала бакчасында терезелерди алмаштырууга 527 миң сом, №4 гимназиянын терезелерин алмаштырууга 2 млн 398 миң сом, «Ч. Айтматов» атындагы мектептин айланасын тосууга 1 млн 551 миң сом, «Ак-Тилек» бала бакчасында жылулук системасын жана канализациясын оңдоого – 1 млн 65 миң сом, «Манас» атындагы №10 мектептин жылулук системасын оңдоого – 305 миң сом керектелет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×