Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 12.08.2014 13:31

Караколдун «Жылуулук» ишканасы кышкы жылуулук мезгилине дээрлик даяр

Turmush -  Караколдун «Жылуулук» ишканасы бүгүнкү күндө шаардын от казандарында активдүү түрдө оңдоп-түзөө жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Каракол шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, капиталдык оңдоого берилген 11 техниканын төртөө оңдолду, ошондой эле 18 техника катардагы оңдоп-түзөөдөн өтүп, алардын он төртү даяр болду.

Ишканага караштуу 6 шаардын от казандарында тиешелүү жабдыктардын дээрлик бардыгы оңдолду. Бардык иштер аяктаган соң системаларды гидро сыноодон өткөрүү пландалууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×