Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 12.08.2014 13:08

Каракодун «Сууканал» ишканасы өткөн жумада шаар ичинде 80 ге чукул оңдоо иштерин жүргүздү

Turmush -  Караколдун «Сууканал» ишканасы шаар ичинде өткөн жумада 80ге чукул оңдоо иштерин жүргүздү, деп маалымдайт мэриянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, шаар ичинде системаларды иликтөө, агынды суулар куйган жерди, дааратканаларды жана кудуктарды сордуруу, такалып калган нерселерди чыгаруу, түтүктөрдү салуу, материалдарды жеткирүү, системаларды жел менен үйлөп тазалоо, бурагычтарды жөнгө салуу, фонтанды ачуу, ширетүү иштери, линияларды өчүрүү жана күйгүзүү, кудуктарды жабуу иштери жүргүзүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×