Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 12.08.2014 12:51

Балыкчы шаарында жаңы насос станциялары курулат

Turmush -  Балыкчы шаарында жаңы насос станцияларын куруу пландалууда. Бул тууралуу «Сууканал» муниципалдык ишканасынын директору Илис Тентимишев билдирди.

Анын айтымында, учурда тиешелүү документтер даяр жана ушул айда аларды курууга тендер жарыяланмакчы.

«2020-жылы «Ысык-Көлдү туруктуу өнүктүрүү» программасынын алкагында агынды суулар системасы толук реабилитацияланат», - деп билдирди И.Тентимишев.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө бардык агынды суулар биокөлмөлөрдө механикалык гана тазалоодон өтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×