Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 12.08.2014 11:55

Депутат Ө.Текебаев: Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталганга чейин Чолпон-Атадагы ипподромдун атын алмаштыруу керек

Turmush -  «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнун баштаганга чейин Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы Көлбаев атындагы ипподромдун аталышын алмаштыруу керек, деп эсептейт.

Мындай пикирин бүгүн, 12-августта Бишкек шаарында өткөн фракциянын отурумунда билдирди.

«Вице-премьер-министр Элвира Сариева билдиргендей, бул оюнга 10 өлкөнүн өкүлдөрү катышат. Дүйнөдөгү 40тан ашуун мамлекеттин жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү оюндарды чагылдырат. Бул Кыргызстандын атын чыгарууга уникалдуу мүмкүнчүлүк. Мен жакында эле Ысык-Көлдөгү шайлоочулар менен жолугушканда алар, облуста криминалдык күчтөр ээлик кылып, алар жада калса жеке мейманканаларга салык салып жатышканын айтышты», - деди ал.

Эл өкүлү билдиргендей, көтөрүлгөн маселелердин арасында Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүүчү Көлбаев атындагы ипподромго тиешелүү маселе болду.

«54-ат заводунун ипподрому президенттин иш башкармалагында турат. 2012-жылдан тарта ага «мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаевдин атасынын аты ыйгарылган. Анын атасы жакшы адам болгон. Ал бүт өмүрүн балдарды тарбиялоого, спортко арнады. Биздин ага карата дооматтарыбыз жок, бирок саясий көз караштан алганда ат майдан Көлбаевдин атасынын аты менен аталса да, эл анын уулун, мыйзамдагы ууруну дароо көңүлгө алышат. Бул президент Алмазбек Атамбаевдин саясатына толук карама каршы келет», - деди депутат.

«Көчмөндөр оюндарын чагылдыруу үчүн бизге 40тан ашык өлкөнүн ЖМКлары келишкенде, алар «оюндар Көлбаев атындагы ипподормдо өтүп жатат» деп айтышат. Муну менен биз криминалдык идеологияны пропогандалаган болобуз. Бул туура эмес деп ойлойбуз. Көчмөндөр оюндары башталганга чейин биз ипподромдун аталышы өзгөртүшүбүз керек», - деп кошумчалады Ө.Текебаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×