Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 12.08.2014 11:18

Караколдо зордук зомбулуктан жабыр тарткан балдар үчүн атайын борбор ачылат

Turmush -  Каракол шаарында зордук зомбулуктан жабыр тарткан балдарга жардам берүү үчүн атайы борбор ачылат. Аталган борбордун ачылышы ушул жылдын сентябрь айынын биринчи жумасына пландалууда. Бул туралуу Каракол шаарынын вице-мэри Гүлназ Орозова билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Маалыматка ылайык, борбор Каракол шаардык социалдык коргоо борборунун алкагында ачылат. Ага жергиликтүү бюджеттен 470 миң сом бөлүнгөн.

Ал эми оңдоп түздөө иши ЮНИСЕФ фонду аркылуужүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×