Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 11.08.2014 16:25

Ак-Суу районунда психо-неврологиялык интернат үйүндө минималдык социалдык стандарттарга арналган семинар өтүүдө

Turmush -  Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу психо-неврологиялык интернат үйүндө Кыргызстандын 15 психо-неврологиялык мекемелеринин жетекчилеринин катышуусу менен минималдык стандарттарга арналган семинар өтүүдө. Бул тууралуу Turmush басымасынын кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, аталган интернат үйүндө жашаган ар бир аялга укук, медицина, билим берүү, маданий, тиричилик жана психо-неврологиялык кызматтар көрсөтүлөт. «Дарыланып жаткандардын ар бирине көрсөтүлүүчү социалдык кызмат 2013-жылдын 17-майында кабыл алынган минималдык социалдык стандарттарда каралган», - деп билдирди Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жана карылардын социалдык өнүгүүсү башкармалыгынын башчысы Бурул Сүйүналиева.

Анын айтымында, семинар аталган мекемелердин ортосунда тажрыйба алмашуу максатында өткөрүлүп, 2 күнгө созулмакчы. «Бүгүнкү күндө Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын саны 155 миңден ашуун. Алардын ичинен 26 миңден ашууну 18ге чыга элек жарандар. Албетте социалдык кызматтар, жөлөк пул менен камсыздап, колдоо көрсөтүүдө. Бирок негизги жардам бейөкмөт уюмдар тарабынан берилип келет», - деди Б.Сүйүналиева.

Белгилей кетсек, семинар БУУнун өнүктүрүү программасы жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин «КРда укуктук адилекттүүлүккө жетүүнү кеңейтүү» долбоорунун колдоосу менен өтүүдө.

Минималдык социалдык стандарттар боюнча шундай эле семинар Чүй облусунда да өтмөкчү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×