Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 11.08.2014 15:43

Ак-Суу районунда 134 комбайындын 93ү оӊдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Turmush -  Ысык-Көл обулсунун Ак-Суу районунда 134 комбайындын 93ү оӊдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн. Алардын ичинде керектен чыккандары да бар. Бул тууралуу райондук агрардык өнүктүрүү департаментинен маалымдашкан, деп билдирет аймактык кабарчы.

Ак-Суу районунда күзгү түшүм жыйноо өнөктүгүнө техникаларды даярдоо жумуштары апрель айынан башталат. Учурда райондогу 134 комбайындын 93ү оӊдоп-түзөөдөн чыгарылган. Калгандары алдыдагы бир нече күндүн ичинде даяр болот. Техникаларды оӊдоп түзөө иштери «Заря» айыл чарба кооперативинде, Боз-Учук жана Теплоключенко айыл өкмөттөрүндө талаптагыдай жүргүзүлүүдө.

«Райондо жүздөн ашык комбайын болгон менен алардын көпчүлүгү эскилиги жетип, иштөө мөөнөтү эбак өткөн. Кээ бирлери такыр эле жараксыз болуп, айылдарда бир экиден гана комбайын иштеп, элди убаракерчиликке салган учурлар бар», -деп билдиришет райондук агрардык өнүктүрүү департаментинин адистери.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×