Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 09.08.2014 15:09

Караколдө өрт өчүрүүчүлөрдүн республикалык мелдешинде ысык-көл адистер 1-орунду ээлешти

Turmush -  Каракол шаарында өткөн өрт колдонмо спорту боюнча республикалык мелдеште Ысык-Көл өрт өчүрүүчүлөрү биринчи орунду ээлешти. Бул тууралуу облустук өрткө каршы кызматынан билдиришти, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Мелдешке бардык облустардын өрт өчүрүүчү адистери катышты. Биринчиликке өрт колдонмо спортунун 5 түрү боюнча мелдештер өткөрүлдү.

Республикалык өрткө каршы кызматынын директору Нурлан Осмоналиевдин айтымында, мелдеш жогорку денгээлде өттү. «Бардык командалардын күжүрмөн даярдыгы мыкты экени байкалды. Өрт өчүрүүчүлөр жакшы даярданып келишкени алардын ийгиликтеринен ачык көрүнүп турат», - дейт директор.

Мелдештин жыйынтыгында Ысык-Көл облусунун өрт өчүрүүчүлөрү биринчи орунга татыктуу болушту. Алар мелдештин кубогуна татышты. Экинчи орун Ош облусунун жоокерлерине, үчүнчү орун Талас облусунун өрт өчүрүүчүлөрүнө ыйгарылды. Жеӊүүчүлөргө акчалай сыйлыктар да тапшырылды.

Өрт колдонмо спорту боюнча келерки жылдагы мелдеш эми Жалал-Абад облусунда өтмөкчү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×