Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 09.08.2014 15:04

Каракол шаардык «Суу түтүк» ишканасы швейцариялык долбоор аркылуу 2 автоунаалуу болушту

Turmush -  Каракол шаардык «Суу түтүк» ишканасы швейцариялык долбоор аркылуу эки автоунаа алышты. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Каракол шаардык «Суу түтүк» ишканасы швейцариялык долбоор аркылуу атайын техникалык тейлөөчү эки автоунааларды алышты. «Суутүтүк» ишканасында эки бригада эмгектенет. Биринчиси, көп кабаттуу үйлөрдү суу менен камсыздоочу тутумдарды, экинчиси үй ичиндеги суу түтүктөрүн оӊдоо менен алектенет.

Бул чакан техникалык тейлөөчү автоунаалар ошол үй ичиндеги түтүктөрдү өӊдөөгө ылайыкташкан. Бардык тиешелүү жабдуулар менен жабдылган.

Ишкана мурда тейлөө иштерине автоунааны ижарага 6 миң сомго алып иштетип келсе, эми минтип өз унаалары менен жумуштарын бүткөрөт. Бул жумушчулар үчүн чоӊ көмөк болду, дейт ишкананын адистери.

Алардын билдирүүсүндө, «Суутүтүк» ишканасы швейцариялык долбоор менен 2006-жылдан бери иштеп келген. Бир жыл мурда суу чыпкалоочу жай ишке киргизилген.

«Учурда долбоордун биринчи этабы аяктап калды. Эмки этабында 200 км суу түтүктөрү алмаштырылат жана суу эсептегичтер коюлат. Биз Казакстанга барып тажрыйба алмашып келдик. Андагы суу чарба адистери эсептегичтерди орнотмоюн эч кандай иш болбойт. Суу үнөмдөш үчүн суу акысын учурунда алып туруш үчүн суу эсептегичтер коюлушу керек. Биз да ишти долбоордун экинчи этабында суу эсептегичтерди коюудан башташыбыз керек», - дейт «Суутүтүк» ишканасынын жетекчилиги.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×