Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 08.08.2014 18:30

Түп району боюнча балдарды лагерде эс алдырууга жалпы 180 миң сом акча каражаты сарпталды

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Түп району боюнча жетим жана аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдарын лагерде эс алдырууга жалпысынан 180 миң сом акча каражаты сарпталды, деп билдирет райондук администрациянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, эс алуу мөөнөтү башталгандан бери «Маяк» балдар лагерине райондук билим берүү профсоюз уюмунун эсебинен 14 бала, Түп районунан 12 бала жиберилген. Ал эми Ысык-Көл районундагы «Улан» балдар лагерине Барскоон айыл аймагынан 4 бала, Дархан айылынан 7 бала, Липенка айыл аймагынан 2 бала, Ырдык айыл аймагынан 2 бала айыл өкмөттүн эсебинен эс алышты.

Басма сөз кызматы кошумчалагандай, бул иштер өкмөттүн 2013-жылдын 28-июнундагы №268-б буйругун аткаруу максатында өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн 2014-жылдын 4-августундагы № 263-тескемесинин негизинде уюштурулуп жатат жана ага жалпы 180 миң сом акча каражаты сарпталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×