Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу 08.08.2014 16:34

Ысык-Көлдө жарандардын көйгөйлүү маселелери боюнча арыз, даттануулары эми электрондук дарек боюнча да кабыл алынат, - өкүлчүлүк

Turmush -  Ысык-Көл облусунда жарандардын көйгөйлүү маселелери боюнча арыз, даттануу жана кайрылуулар эми электрондук дарек боюнча да кабыл алынат, деп билдирди өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.

Анын маалыматы боюнча, өкүлчүлүккө арыз даттануулар менен кайрылгандардын саны азаюуда.

Тактап айтканда, өткөн жылы 694 адам арыз даттануулар менен кайрылса, 2012-жылы 740 арыз, даттануулар түшкөн.

Район, шаарлар боюнча айтканда, эң көп арыз, даттануулар жана кайрылуулар Каракол шаарынын тургундарынан - 263, Жети-Өгүз районунан - 119, Түп районунан - 70, Ак-Суу районунан - 86, Ысык-Көл районунан - 66, Балыкчы шаарынан - 43 жана Тоң районунан – 47 кайрылуу болгон.

Жер маселелери боюнча 34, кредит бөлүүгө - 25, коммуналдык чарбалык иштер туурасында 31, материалдык жардам суроо 180, саламаттык сактоо жана билим берүү - 104 жана ар башка маанидеги кайрылуулар каралды.

Жалпы 346 кайрылуу жеринде барып кароо менен чечилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×