Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 08.08.2014 14:41

Түп райондук мамлекеттик администрациясында «Мээрим булагы» балдар үйүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө тегерек стол өттү (фото)

Turmush -  Түп райондук мамлекеттик администрациясынын имаратында райондун акими, айылдын жашоочулары, облустагы «Ынтымак ордо» жетекчилери жана депутаттарынын катышуусунда аталган райондогу «Мээрим булагы» балдар үйүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө тегерек стол болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жолугушуда баардык катышуучулар акыркы убакта укук коргоочулар активдүү жазып жаткан аталган балдар үйүнө тийиштүү болгон маселелерди талкуулашты.

«Коомдук фонддун жетекчиси Анна Макарова Жогорку Кеңешке кат жазып, анда мен балдарды сатып жаткандыгымды айткан. Бирок, мен мунун баарын жокко чыгарам. Былтыркы жылы сентябрь айында Ярославск облусуна 11 жаштагы Денисенко Михаилди жана 10 жаштагы Денисенко Анастасияны кадет гимназиясынан бекер негизде окутууга жөнөткөнбүз. Көрүп тургандай алар азыр бул жакта каникулда жүрүшөт. Экөө тең аман-эсен жүрүшөт», - деп билдирди талкуунун жүрүшүндө балдар үйүнүн директору Г.Дегенбаева.

Ошондой эле, анын айтуусунда балдар үйү 1998-жылы курулган, ошондон бери бул имаратта 128 бала тарбия алышкан жана алардын 30у жогорку билимдүү, 12 бала жогорку билим алууда. Мындан тышкары, 22 бүтүрүүчү Россия Федерациясында окушат.

«Бул убакыттын ичинде биз 9 кызыбызды турмушка узаттык, 3 баланы үйлөндүрдүк, бизде азыр 16 небере бар. Эгерде мен аларга жаман мамиле кылсам, өздөрү каникулга келишпейт эле да», - дейт Г.Дегенбаева.

Балдар үйүнүн директору Г.Дегенбаеванын сөзүн райондун акими Ишен Кожалиев дагы колдоого алды. Анын айтуусунда аталган балдар үйү балдар үчүн баардык шарттарды түзүшкөн жана билим берүү планында дагы активдүү иштешет.

«Биз аларга мындан ары иштөөгө жана балдарды тарбиялоо үчүн мүмкүнчүлүк беришибиз керек», - деди ал.

10

3

1

9

8

7

6

5

4

2

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×