Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 08.08.2014 13:23

Ысык-Көлдө «Жибек жолу искусствосунун кербени» деген аталыштагы акция өткөрүлүүдө

Turmush -  Каракол шаарында борбордук аянтта «Жибек жолу искусствосунун кербени» деген аталыштагы акция өткөрүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан маалымдашкан, деп билдирет аймактык кабарчы.

Каракол шаарында борбордук аянтта мэриянын колдоосунда Бишкек шаарынын КР ТУ студенттери, жана «Кийиздин сыйкырчылары» коомдук уюмунун уюштуруусунда «Жибек жолу искусствосунун кербени» деген аталыштагы акция өткөрүлдү.

«Жибек жолу искусствосунун кербени» иш-чарасынын жүрүшүндө студенттер жана кол өнөрчүлөр өспүрүмдөр менен бирдикте мастер класс өткөрүшүп, кагаздан жана кийизден ар кандай кооз билерик, шуру сыяктуу буюмдарды жасашты. Желим идиштерден отургуч, гантел кураштырышты. Улуттук тамак-аш даамдары сунушталды.

Акциянын уюштуруучуларынын айтымында, иш-чаранын негизги максаты кыргыз элинин улуттук маданиятын таанытуу, туристердин көңүлүн буруу болуп эсептелинет.

Уюштуруучулар белгилегендей, кербен эми Тоң районунда улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×