Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ысык-Көл облусу 08.08.2014 11:39

Шахты-Жыргалаӊ айылынын тургундары көмүр кенин ишке киргизүүгө көмөктөшүүсүн ЖК депутатынан суранышты

Turmush -  Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров Ысык-Көл облусунун Шахты Жыргалаӊ айылына иш сапары менен барып, андагы элдин жашоосунан кабар алды. Бул тууралуу Шахты-Жыргалаӊ көмүр ишканасынан билдиришти, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Билдирүүгө ылайык, андагы чоӊ көйгөй жергиликтүү калктын социалдык абалынын начардыгы болду. Тургундардын айтымында, айылда мектеп жок, жападан жалгыз иш менен камсыз кылып келген Жыргалаӊ шахтасы көп жылдан бери иштебей турат. Элдин көбү жумушсуз. 2012-жылы шахтыда өрт чыгып, ошондон бери иш токтогон.

«Шахты-Жыргалаӊ иштесе элдин көп маселеси чечилет эле. Жергиликтүү тургундар иштеп акча табышмак, мектеп да курулмак, ички миграция да токтоп, айылдык жаштар эч жака кетпей жашап калышмак. 230 түтүн эл бар экен анын 30у гана иш менен камсыз болгон. Шахтыны иштетүүүчүн инвестор табыш керек. Аны болсо мамлекеттик деӊгээлде чечүү зарыл», - дейт эл өкүлү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×