Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 07.08.2014 17:23

Ысык-Кѳлдѳ ѳрт өчүрүүчүлөрдүн таймашы ѳтүүдѳ

Turmush -  Каракол шаарында өрт өчүрүүчүлөрдүн спорттук мелдеши өтүүдө. Ага 6 облустан жана Бишкек шаарынын ѳрт ѳчүрүүчү кызматкерлери катышты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Ѳтүп жаткан турнирде 5 спорттун түрү каралган. Мында кѳбүнчѳ ѳрткѳ колдонмо кыймылдар жана күндѳгү ѳрткѳ каршы кызматына байланыштуу спорт каралган.

«Мелдешке жалпысынан 9 курама командадан турган 120 киши катышты. Жеңүчүүлѳргѳ башкы байгеге акчалай сыйлыктар берилет. Келген коноктордун тамак ашы жана жата канасы Өзгѳчѳ кырдаалдар министирлигинен 800 миң сом бѳлүнгѳн», - дейт уюштуруучулар.

Иш-чара негизинен ѳрт куткаруучулардын күнүнѳ арналып, ѳздѳрүнѳ тиешелүү спорттун түрлѳрүн өлкѳнүн аймактарында кезек кезеги менен уюштуруп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×