Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 07.08.2014 16:12

Караколдо «Жараксыз кагаздарды канцелярдык буюмдарга алмаштыруу» акциясы өткөрүлдү

Turmush -  Каракол шаарында «Жараксыз кагаздарды канцелярдык буюмдарга алмаштыруу» акциясы өткөрүлдү. Уюштуруучулар билдиришкендей, жараксыз кагаздарды алып келгендерге блокнот, ручка, футболка жана «I love Karakol» эмблемасы бар сумкалар тапшырылды.

Акциянын алкагында 500 кг жараксыз кагаздар чогултулган, алар журнал, дептер, гезит, китептер жана башкалар.

Уюштуруучулар жараксыз кагаздарды сатышып, түшкөн каражатка балдар үйүнө жууп-тазалагыч каражаттарды алышат жана жараксыз кагаздардын арасындагы китептерди билим берүү мекемелерине, шаардын китепканасына беришет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×