Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 07.08.2014 15:37

Ысык-Көл облусунда өрттүн жогорулашына каржылоонун жетишсиздиги жана жарандардын жоопкерчиликсиздиги себеп болууда, - мамэкотехинспекция

Turmush -  Ысык-Көл облусундагы өрттүн жогорулашынын негизги себеби каржылоонун жетишсиздиги жана жарандардын жоопкерчиликсиздиги, деп билдирди мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциясынын Каракол шаарындагы өкүлү Клим Турдалиев.

Анын айтымында, өрт өчүрүүчү кызматтар өз убагында ар түрдүү объектерди баардык өрт нормаларына жооп бергендигин текшерүү үчүн чоң каржылоого муктаж.

Ошондой эле, бул жерде жарандардын жоопкерчилиги дагы чоң мааниге ээ.

«Жарандар өздөрүнүн мүлкүн мисалы үчүн, үйүн же унаасына жакшы көңүл бурат. Себеби, аларды өздөрү иштеп табышкан да. Ал эми коомдук мекемелердин, уюмдардын жетекчилерине дайыма өрт коопсуздугу керек экендигинин эскертип туруу керек. Мисалы үчүн, ооруканада өрт коопсуздугуна А.Иванов жоопкерчиликтүү деген тактайча илинип турат. Ал эми иш жүзүндө А.Иванов өрт коопсуздуна жоопкерчиликтүү экендигин да билбейт. Ошондуктан, бул жакта жазалоо чарасын колдонуу керек, эгерде өрт чыгып кетсе, баардык жоопкерчиликтүү адамдарды жазалоо керек», -дейт К.Турдалиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×