Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 07.08.2014 13:56

Ак-Суу районунда тамчылатып сугаруу ыкмасы боюнча тажрыйба алмашуу талаа шартында өткөрүлдү

Turmush -  Ак-Суу районундагы республикалык семинарда тамчылатып сугаруу ыкмасы боюнча тажрыйба алмашуу талаа шартында өткөрүлдү. Бул тууралуу Боз-Учук айыл өкмөтүнөн билдиришти, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосунда айыл чарбасында органикалык жер семирткичтерди пайдалануу, био чарбасын өнүктүрүү жана тамчылатып сугаруу ыкмасы боюнча республикалык семинар болуп өттү.

Семинар талаа күнү деп аталып, ал айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүдө жаӊы ыкмаларды колдонуп келишкен мыкты чарбалардын мисалында жеринде өткөрүлдү. Тажрыйба алмашуу иш-чарасы 4 күнгө созулду. Анын жүрүшүндө Ак-Суу районундагы фермер Анара Акымбаеванын талаасындагы тамчылатып сугаруу ыкмасы менен таныштыруу жүрдү. Анын айтымында, тамчылатып сугаруунун көп пайдалуу жактары бар.

«Биз мына бул челекке суу топтоп, күнгө жылыгандан кийин сууну жөөктөргө жиберебиз. Анткени, жылуу суу өсүмдүктөрдүн өсүүсүнө жардам берет. Түтүк аркылуу барган суу эч жакка коробой, өсүмдүктүн тамырына кетет. Кол менен сугарганда суусу шаркырап агып жер кыртышын көӊтөрүп, аны эрозияга учуратат. Ал эми тамчылатып сугаруу эрозияга учуратпайт. Суу жылдан жылга тартыш болуп баратат. Бул ыкма сууну үнөмдөөгө шарт түзөт. Дагы бир пайдасы убакытты албайт. Анан текши сугарылып, өсүмдүк жакшы өсүп түшүмдүүлүк жогору болот», - дейт фермер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×