Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ысык-Көл облусу 06.08.2014 15:58

Ысык-Көлдө «Адамзаттык өнүгүү: Бул жерде жана азыр» деген аталышта улуттук баяндаманын бетачаары болду

Turmush -  Ысык-Көл облусунда бүгүн, 6-августта «Адамзаттык өнүгүү: Бул жерде жана азыр» деген аталышта улуттук баяндаманын бетачаары болду. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага айыл аймактарынын башчылары, облустун район, шаарларынын жетекчилери жана жооптуу катчылары катышты.

Өкүлчүлүктүн аппарат жетекчиси Уланбек Маликов белгилегендей, бул улуттук баяндама жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзамдык жана институционалдык өнүгүүсүнө жаңы горизонт ачат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×