Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ысык-Көл облусу 06.08.2014 12:42

Ысык-Көл облусундагыАк-Терек — Дөң-Талаа жана Барскоон - Тамга унаа жолунун курулуш иштеринен фоторепортаж

Turmush -  Транспорт жана коммуникация министри Кылычбек Султанов Ысык-Көл облусу боюнча жасаган иш сапарынын алкагында кечээ, 5-августта Тоң районунун Ак-Терек - Дөң-Талаа унаа жолунун 1-3-чакырым тилкесинде асфальт-бетон төшөө жумуштары менен таанышты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Иш сапардын жүрүшүндө маалым болгондой, бул жерге 11 млн 687 миң сом өздөштүрүлгөн.

Жакынкы убакта Тоң районунун Кара-Коо айылындагы бир чакырым тилкесине асфальт-бетон таштоо иштери башталат.

Транспорт министрлигинин №4 Унаа жол өндүрүштүк линия башкармалыгынын башчысы Кудайкул Кучуков билдиргендей, жол куруу иштери министрликтин үстүбүздөгү жылга коюлган планынын алкагында ишке ашырылып жатат.

Министр К.Султанов ошол эле күнү Жети-Өгүз районунда дагы болуп, Барскоон-Тамга унаа жолунун 2-4-чакырымында жүрүп жаткан курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусу боюнча бул жылы 14 чакырым жолго асфальт-бетон төшөө иштери пландалган болсо, анын 13 чакырымында жумуш аяктады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×