Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 06.08.2014 12:27

Өкмөттүн өкүлчүлүгүндө жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өттү (фото)

Turmush -  Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө өкүлдүн аппаратынын жетекчиси Улан Маликовдун, БУУнун өнүктүрүү программасынын өкүлдөрү, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өтүүдө. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өүлчүлүгүнүн аппаратынын жетекчиси Улан Маликовдун айтымында бүгүнкү күндө коомдо жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын ролу өтө жогору.

«БУУ өнүктүрүү программасы 15 жылдан бери иштейт. Бул убакыттан бери биз тыгыз байланышта кызматташып келебиз, абдан жыйынтыктуу иштер болду. Алардын иши жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынынын иши менен байланыштуу. Бүгүн алар акыркы 20 жылда жергиликтүү өзүн өзү башкару органдарынын иши жөнүндө китептин презентациясын кылышты. Анда өнүгүү анализи көрсөтүлгөн», - деди ал.

1

2

34

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×